
Колдоо көрсөтүү
Качан сиз, өндүрүмүңүздү кандайча колдонуу керектиги тууралуу көбүрөөк
билгиңиз келсе же телефонуңуз кандайча иштеши керектигин билбесеңиз, анда
www.nokia.com/support колдоо барактарын көрүңүз же жергиликтүү Nokia
вебсайтына же мобилдик телефон аркылуу www.nokia.mobi/support кириңиз.
Эгерде бул көйгөйүңүздү чечпесе, кийинкини аткарыңыз:
•
Телефонду кайрадан иштетиңиз: телефонду өчүрүңүз, анан батареяны алып
салыңыз. Бир мүнөт убакыттан кийин, батареяны ордуна салыңыз жана
телефонду иштетиңиз.
•
Колдонуучу жолдоочусунда түшүндүрүлгөндөй, баштапкы заводдук
орнотууларды калыбына келтириңиз.
Эгерде көйгөй чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia 'га
байланышыңыз. www.nokia.com/repair веб барактарын көрүңүз. Телефонуңузду
оңдоого жөнөтүүдөн мурун, ар дайым анын ичиндеги маалыматыңыздын
резервдик көчүрмөсүн жасаңыз.